Жээнбековдун Бабанов боюнча айткан калптары ачыкталды: Инвестор Мырзабаев жалаң документтер менен далилдеди

Өмүрбек Бабановдун атынан иш алып барган инвестор Жаныбек Мырзабаев “Фрунзе” гипермаркеттер боюнча сүйлөшүүлөргө жана бүтүмгө түздөн-түз катышкан. Ал дүкөндөрдүн мурдагы кожоюнунун бири Болотмамбет Жээнбековдун айткандарын жокко чыгарган документтер менен билдирүү таратты.

Өткөн аптада Жээнбеков Бабановду сындап, ага Бабанов жооп катары Жээнбековдор өтө ири суммадагы акча уурдап кеткендерин айтып берген. Жээнбеков кечээ күнү дагы интервью берип, «кантип өзүмдөн уурдай алам?» деп айтып, Мырзабаев келишимдин чоо-жайын жакшы биле турганын белгилеген.

Бүгүн Жаныбек Мырзабаев өз билдирүүсүндө Жээнбековдун бир катар жалган билдирүүлөрүнө токтолду: «2022-жылы келишим түзгөнүбүздө “ыраазымын” деп шыйпалактаган, анан 6 айдан кийин Прокуратурага “мени коркутуп кол койдуруп алды” десе, УКМКга “менин колумду жасалмалап койгон” деген такыр башка калпты айткан. Журналистке эми төртүнчү калпын айтып жатат».

Мырзабаев анын сөзүн тастыктаган Башкы прокуратура менен УКМКнын документтери камтылган видеотасманы көрсөттү.

Болот Жээнбеков жеке эле негизги документтерге эмес, келишимдин шарттарына макул экенин тастыктаган кошумча келишимдерге да кол койгонун баса белгиледи. «Жээнбеков протоколдорго, ниет каттарга жана инвестициялык келишимдерге кол койгон, анда бардык цифралар – дүкөндөрдүн саны, кирешеси жана карыздары – так көрсөтүлгөн, бирок анын журналисттерге жасаган акыркы билдирүүлөрү бул документтерге карама-каршы келет», – деди Мырзабаев.

Ал ошондой эле Жээнбеков «ал документтерди калемсап менен оңдоп, бир нече жолу текшерип, негизги документке кол койгондон кийин дагы беш кошумча келишимге кол койгонун, ар бири көрсөтүлгөн шарттарга макул экендигин тастыктаганын» кошумчалады.

Жаныбек Мырзабаев 460 миллион сом карызга батырган Жээнбеков-Аматовдорго нааразы экенин айтып, компаниянын акчасы системалуу түрдө уурдалып келгенин белгиледи. «Сиздер кантип бул акчаны уурдадыңыздар? Жолуңуздар көп болгон. Сиз Бакыт экөөңүздөр көп жылдар бою Салык кызматында салык текшерүүчү болуп иштегенсиздер, ал жактан кантип салыкты, акчаны жашырып чыгып кетүү жолун өздөштүргөнсүздөр. Сиз Директорлор кеңешинин төрагасы катары кассадан, магазиндин кассасынан күнүмкү түшкөн акчаларды эч кимге айтпай алып кете баштагансыз. Аны болсо иниңиз Бакыт жабуу айласын таап, өзүнө “под отчет” деп жаздырып, аны кийин мекеменин чыгашасына киргизип койчу», — деди Мырзабаев.

Болотмамбет Жээнбековдун өзүнөн уурдап кетүү мүмкүн эместиги тууралуу ачык билдирүүсүнө жооп катары Жаныбек Мырзабаев: «Биз “Гипермаркет Фрунзе” компаниясына кирген жокпуз. Биз 50 пайызы бизге, 50 пайызы сиздерге таандык болгон жаңы компания түздүк. Ал эми кирешенин 50 пайызы менен бөлүшүүдөн ач көздүк кылып, 100 пайыз өзүңүздөргө тиешелүү компаниялар аркылуу акча уурдай баштадыңыздар», – дейт.

Инвестор ошондой эле Жээнбеков, анын бир тууганы Бакытбек Аматов жана алардын жакындары менен түз жана кыйыр байланышы бар компаниялардын тизмелерин көрсөткөн схемаларды көрсөткөн. Инвестордун айтымында, «Ушул кишилерди жанагы мекемелерине акционер-негиздөөчү катары киргизип, бизге кереги жок жана өтө чоң баа менен товарларды киргизе башташты. Ушунун негизинде акчанын мекемеден чыгарышкан, ал компанияны чыгашалуулукка алып келген».

“Фрунзе” гипермаркеттеринин Генералдык директору болгон Жээнбековдун бир тууган иниси Бакыт Аматов 8,6 миллион сомдук зыяндын 6 миллионун төлөп берген учурда Мырзабаев эске салды. Бул фактыны атайын келишим катары даярдап, ал жерге Жээнбеков дагы, Аматов дагы кол койгон дейт Мырзабаев.

“Ал боюнча Бакыт менен болгон өзүнчө келишим бар, ошол сиздин дагы, Бакыттын дагы колу бар документте сиздер “Ооба, ушундай туура эмес иш болду, мени кечирип койгула. Ооба, менин бир туугандарыма ушундай мекеме түзүлгөн” деп айтып жатасыздар. Ошол жерден Бакыт дароо такталган 8 млн 600 миң зыяндын 6 миллион сомун дароо өз чөнтөгүнөн төлөп берген. Эгерде анын күнөөсү жок болсо, эч кандай тиешеси жок болсо, эмнеге жапты?”, – деп Мырзабаев баса белгиледи

Ал эми аудиттик текшерүүдө аныкталган 460 миллион сомдун жок болуп чыккандыгы боюнча, Мырзабаевдин айтымында, анын корутундусу менен Болот Жээнбеков да, Бакыт Аматов да макул болуп, колдорун коюп, Жээнбековдор карызды жабуу үчүн компанияны сатып алууну сунушташкан: «эми силер бизди куткаргыла, ушунча карыз болуп калды, болор иш болду эми. Силердин доо-арызыңар бизге жок болсун, компанияны сатып алгыла, акчасы мынча болот», – деп алардын айтканын инвестор эскерте айтты.

Бирок, Мырзабаевдин айтымында, мындай сатып алуу келишимге кол коюлуп, акча которулгандан кийин жарым жылдан кийин Болот Жээнбеков жалган жалаа жаап, биринчи Башкы прокуратурага, андан соң УКМКга, андан соң Юстиция министрлигине биринин артынан бири арыз бере баштаган.

«Арызды улап арыз, калптын үстүнө калп айтып жаттыңыз. Алардын баарына биз анан чыдап тура албай, биз аргасыздан арыз жаздык. Бүгүн иниңиз Бакыт Аматов СИЗОдо олтурат. Анын СИЗОго олтурганына сиздин түздөн-түз күнөөңүз бар. Бакыттын үй-бүлөсүнө жана сиздин бир туугандарыңызга айткым келет. Калыстык үчүн, чындык чыгышы үчүн – ушул нерселердин бардыгынын артында сиздердин бир тууганыңар Болот Жээнбеков турат», – деп инвестор Аматовдун туугандарына кайрылды.

Мырзабаев белгилегендей, алты жыл ичинде Бабановдун инвестору компанияга 12 миллион доллар салган. «Аны биз жөн гана банкка депозитке салып койсон ал кошумча 4 миллион киреше алмакпыз. Анын ордуна биз 460 миллион карыз менен калдык. Биз салган 12 миллион долларыбыз компанияга кирди, ал эми чыкпайт. Сиз болсо өзүңүздүн 50 пайыз акцияларыңызды сатып, акчаларды алып чыгып кеттиңиз. Биз болсо карыз менен калдык. Кашыктап чогултканды компаниядан чөмүчтөп чыгарып кеттиңиз», — деп түшүндүрдү ал.

«Адамгерчиликти алсыздык деп түшүнөт экенсиз сиз, Болот Жээнбеков», – деди Мырзабаев.

Сөзүнүн аягында инвестор Жээнбековдун тынымсыз калпы жана талабынан улам коомчулукка билдирүү жасоого аргасыз болгонун баса белгиледи. Болот Жээнбековдун бирден бир максаты – коомчулукка туура эмес маалымат жеткирүү, биздин аброюбузга шек келтирүү аркылуу сотторго, укук коргоо органдарына таасир этүү”, – деп жыйынтыктады Мырзабаев.