Кыргызстандагы lil — түтүнсүз жана күлсүз дүйнөгө карай дагы бир кадам

Күн сайын дүйнөдө инновациялык технологиялар пайда болуп, жашообуз мындан дагы ыңгайлуу жана жеңил болууда.

lil — ошолордун бири.

Бул кадимки тамеки чегүүгө альтернатива катары жасалган шайман. Бул түтүнсүз, күлсүз дүйнөгө карай жасалган бир кадам.

Жакында Кыргыз өлкөсүнүн рыногуна түтүнсүз lil SOLID шайманы чыкты. Ал тамеки чеккендерге жеткиликтүү баасы менен бирге, биздин жалпы түтүнсүз келечегибизди жакындатты.

lil — деген эмне?

Бул шайман «Филип Моррис Интернэшнл» компаниясынын (тамеки жылытуу тутумун чыгаруучу IQOS системасы) түштүк кореялык KT&G компаниясы (тамеки жана никотин камтыган азыктарды өндүрүүчү) өнөктөштүгүнүн аркасында рынокко чыккан.

lil өзгөчөлүгү — бул кармагыч менен кубаттагычты байланыштырган бирден бир шайман.

Акылдуу технология
Кадимки тамекини күйгүзгөндө анын температурасы 800°Cге жетиши мүмкүн, натыйжада 6000ден ашуун ар кандай химиялык заттар, анын ичинде ар кандай чайыр жана көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгат.

Lil SOLID иштөө принциби күйгүзүүгө эмес, тамекини DUAL Heat акылдуу технологиясынын жардамы менен 350°Cге чейин ысытууга негизделген. Аппаратты колдонуу убагында чыныгы тамекинин даамын сездирген буу пайда болот, бирок ошол эле учурда зыяндуу түтүн жана күл пайда болбойт — бул азыраак тобокелчилик.

Эргономика жана стиль

lil SOLID башкалардан атайын дизайны менен айырмаланат. Чакан көлөмү жана жеңил салмагы менен ал сиздин колуңузга ыңгайлуу кармалат. Анын салмагы болгону 99 грамм. Бул орточо смартфонго караганда дагы жеңил дегенди түшүндүрөт. Колдонуучулар бул аппараттардын эки түсүн тандай алышат: графит жана көк.

Аны кантип колдонот?
Бир баскыч менен ал колдонууга даяр!

Кубаттоо керек болгондо же колдонууга даяр болгондо жаркыраган жарык сизге кабар берет, ал эми дирилдөөчү система lil менен өз ара аракеттенүүнү интуитивдүү кылат.

Lil SOLID үчүн атайын тамеки таякчалары бар. Аппарат кошумча кубаттагычы жок 3 сеанска ылайыкталган. Толук батарейка 25 сеанска жетет.

Артыкчылыктары:

Аппаратты колдонууда пайда болгон түтүн кадимки тамекинин түтүнүнө салыштырмалуу колуңузда, чачыңызда кийимдериңизде жыттанып калбайт. Андан чыккан түтүн бөлмөдөн тезирээк кетет.

lil ушул сыяктуу шаймандар менен айырмаланат. Анын негизги артыкчылыктары корей технологиясынын сапаты, жеткиликтүү баасы, колдонууга ыңгайлуулугу, жеңил салмагы (болгону 99 грамм).

Аппараттын баасы 2000 сом. Lil SOLID маалымат базасына катталгандарга 1600 сом талап кылынат.

lil — бул түтүнсүз шайман, салттуу тамекиге зыяндуулугу азыраак альтернатива, түтүнсүз жана күлсүз жашоого кадам.

Эми lil Кыргызстандын рыногуна дагы коюлду. Бул 18 жаштан жогорку курактагы тамеки чеккендерге жаңы аппарат менен жеке таанышып, анын артыкчылыктарын баалоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Толук маалыматты go.iqos.kg сайтынан же 1848 колдоо кызматынын номерине чалып билсеңиз болот. Бишкектеги расмий соода түйүндөрү:

Бул продукт зыяндуу эмес жана курамында никотин бар. Никотинди камтыган өнүмдөрдү чеккен же уланткан 18 жаштан жогору адамдарга гана колдонулат.