Зулпукаровдун адвокаты анын камалышы тууралуу: «Бул Кумтөр боюнча эмес». Анда эмне үчүн?

«Эмне үчүн Төрөбай Зулпукаров азыр тергөө абагында? Жооп — бул Кумтөргө байланыштуу иш эмес», — деди депутаттын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова маалымат жыйында. Анын айтымында, бул иш 2012-жылы Жогорку Кеңеште «Кумтөр» боюнча 3 токтом долбоордун кароосуна байланыштуу. Алар: «Ата-Мекенден», Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиядан, депутаттар тобунан болгон.

«3 токтомдун бардыгы бирдей — алар депутаттык комиссиянын отчетун кабыл алууну сунушташкан, бир гана долбоордо «Кумтөрдөгү» жетекчи кызматтарга кимди дайындоо керектиги көрсөтүлгөн. Депутаттар бир адам экинчисин чечимди кабыл алууга көндүргөн деп айыпталууда. Чечимдерди кабыл алууда депутат көз карандысызбы?» — деп сурады адвокат.

Жактоочу Асылбек Кочкоров кошумчалагандай, айыптоодо депутаттар кабыл алган токтом мамлекеттин кызыкчылыгына шек келтирет деп айтылган, бирок анда мындай чечим кабыл алынган:

— депутаттык комиссиянын отчетун эске алуу, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК менен инвестициялык келишимди мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген деп таануу;

— мамлекеттик комиссия түзүп, 2012-жылдын 1-октябрына чейин экологиялык, өндүрүштүк жана башка зыяндарды баалоону жүргүзүү, келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу демилгесин көтөрүү;

— Кыргызстандан директорлор кеңешиндеги кадрлардын санын жана сапатын карап чыгуу;

— Кумтөргө жаңы аянттарды бөлүп берүү жөнүндө токтомду жокко чыгаруу, 2009-жылы бөлүнгөн 13 миң 360 гектар аянтка лицензияны, ошондой эле кийинки ушул сыяктуу лицензияларды жокко чыгаруу;

— Башкы прокуратура «Кумтөр» долбоору боюнча фактыларды териштирип, укуктук баа берүүсү.

«Бул токтом мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келеби? Узакбаев менен Баатырбеков токтомдун аткарылышын көзөмөлдөшү керек болчу, бирок алар бошотулуп, биздин кардар камакта калууда», — деди жактоочу.


Зулпукаров УКМК тарабынан 31-майда кармалып, анын «Кумтөр» боюнча коррупцияга шектелип жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алган.