Улуттук банк эмне иш кылат?

Улуттук банк – бул өлкөнүн башкы банкы. Анын ишмердүүлүгү “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” конституциялык мыйзамы менен жөндөлөт.

Улуттук банктын милдеттери көп. Алардын негизгилери:

  1. Улуттук банк акча эмиссиясын көзөмөлдөйт. Башкача айтканда, канча акчаны жүгүртүүгө киргизип, канчасын жана кайсыларын колдонуудан алып салууну чечет.
  2. Бүтүндөй банк системасынын туруктуулугу үчүн жооп берет жана каржы системасын жөндөйт, каржы кызматтарынын сапатына көз салат.
  3. Инфляцияны көзөмөлдөйт, эсептик ченди аныктайт, сомдун курсун жөндөйт, алтын валюталык резервин башкарат, мамлекеттик карызды төлөйт. Башкача айтканда, акча-кредиттик саясатты түзөт.

Улуттук банктын өзгөчө макамы жөнүндө

Улуттук банк – бул мамлекеттик бийликтин атайын макамы бар органы. Атайын макам деген эмне? Улуттук банк бийликтин үч бутагынын эч бирине кирбейт, өз алдынча уюм деп эсептелет. Улуттук банктын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт жана бул нерсе мыйзамды бузуу болуп саналат. Улуттук банктын көз карандысыз макамы Кыргызстанда эле киргизилген эмес. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө Улуттук банктар же Борбордук банктар өз алдынча юридикалык жак деп саналат. Бул абдан маанилүү, болбосо мындай регулятордун мааниси жоголмок.

Алдын ала макулдашуусуз эч бир мамлекеттик орган Улуттук банктын капиталын пайдалана албайт.

Мыйзам боюнча Улуттук банктын Министрлер Кабинетине, анын ичинде республикалык бюджеттин таңкыстыгын каржылоого насыяларды же кепилдиктерди беришине тыюу салынат.

Улуттук банк киреше табышы мүмкүн, бирок мындай максатты көздөбөйт. Мисалы, чет элдик валюта же алтын менен операциялардан, ошондой эле эл аралык резервдерди башкаруудан түшкөн пайыздык кирешелер.

Улуттук банктын кирешелеринин 90 пайызы өлкө бюджетине багытталат.

Улуттук банктын башкармасы көз карандысыз чечимдерди кабыл алганына карабай, Министрлер кабинети менен активдүү кызматташат жана өлкөдөгү кырдаалдарды эске алат.

Улуттук банк өз ишинин жыйынтыгы боюнча жыл сайын Жогорку Кеңешке отчет берет, ошондой эле ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, акча-кредиттик саясаттын болжонгон жыйынтыктары жөнүндө талкууларды өткөрөт.

Улуттук банкты ким башкарат?

Улуттук банкты Башкармасы башкарат. Ал жети адамдан турат. Башкарманын мүчөлөрү партияларда турбайт жана кайсы бир уюм же түзүм менен байланышта болбойт. Башкарманын төрагасы Улуттук банктын жетекчиси болот. Башкарманын мүчөлөрүнөн төраганын үч орун басары дайындалат. Башкарманын мүчөлөрүнүн, анын ичинде төраганын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 7 жылга чейин. Улуттук банктын төрагасынын талапкерлигин өлкө президенти аныктайт. Андан кийин ал Жогорку Кеңеште кароо жана бекитүү процедурасынан өтүшү керек. Төраганын орун басарлары жана башкарманын мүчөлөрү Улуттук банктын төрагасынын сунушу менен Президент тарабынан дайындалат. Башкарманын мүчөлөрүнүн, анын ичинде төраганын айлыгын Президент аныктайт.

Улуттук банк кыргызстандыктардын жашоосуна кандай таасирин тийгизет?

Улуттук банк регулятор катары баалардын өсүшүн алдын ала болжогудай, а экономиканы туруктуу кылышы керек. Экономиканын алдын ала болжогудай жана туруктуу болушу турак-жай алууга, келечекти пландаштырууга, а компаниялар үчүн өндүрүштү жана кирешени жогорулатууга мүмкүндүк берет. Анын жыйынтыгында товарлар көбөйүп, аларга болгон баа жеткиликтүүрөөк болот.

Күн сайын биз ар кандай каржы продуктуларын пайдаланабыз. Бул насыялар гана эмес, ошондой эле банктык салымдар, дүкөндүн кассасында карта менен төлөм жүргүзүү. Ушул сервистердин баарынын туруктуу иши Улуттук банктын ишмердүүлүгүнөн көз каранды.

Акчабызга келгенде баарыбыз эле сапаттуу тейлөөдөн пайдалангыбыз келет. Депозит ачып жатып же насыя тууралуу келишимге кол коюп жатканда кардар үчүн компаниянын ишенимдүүлүгү маанилүү. Каржы тармагындагы ак ниет эмес кызматкерлерге карата арыздарды дал ушул Улуттук банк карайт жана тийиштүү чечимдерди кабыл алат.

Улуттук банк өлкө экономикасы ачык-айкын жана туруктуу болсун деген иши аркылуу өлкөнүн өнүгүүсүнө жана бекемделишине чоң салым кошот. Демек, ар бирибиздин жашообузга таасир этет.

Улуттук банктын өзгөчө ролу тууралуу

Азыр өлкөнү Улуттук же борбордук банкысыз элестетүү кыйын. Дүйнө канчалык глобалдашкан сайын күнүмдүк каржы операциялар да ошончолук көбөйүп жатат. Өнүккөн банк системасына, төлөм уюмдарына ээ, активдүү тышкы сооданы жүргүзгөн заманбап мамлекет көзөмөлдөөчү органсыз жашай албайт.

Баарыбыз улуттук валюта – сом менен сыймыктанабыз. Баса, бул дагы Улуттук банктын эмгеги. Дал ушул Улуттук банк улуттук валютаны чыгарат. Монетардык саясат улуттук валютанын өлкө аймагындагы төлөмгө жөндөмдүүлүгүн аныктайт.

Түрдүү айырмачылыктарга карабай, бардык өлкөлөрдүн улуттук же борбордук банктарынын миссиясы бир эле, ал – жарандар үчүн болушунча жагымдуу каржылык шартты түзүп, татыктуу жашоо деңгээлин камсыздоо.