«Башкада бар, дал ошол камерада видео байкоо жок болгон». Сокулукта асынган абалда табылган шектүү боюнча жаңы жагдайлар

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын убактылуу кармоочу жайда кармалып турган жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылуу үчүн тез арада чара көрүүгө чакырды. Акыйкатчы убактылуу кармоочу жайда адам укуктарынын бузулушуна жол берген кызматкерлерге чара көрүү зарылдыгына да көңүл бурат.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 3-апрелде Сокулук райондук убактылуу кармоочу жайда мониторинг жүргүздү. 2-апрелде ЖМКларда кармалган жаран асынган абалда табылганы тууралуу маалымат чыккан.

«Институттун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайдагы жарандын сөөгү табылган камераны карап чыгышты. Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турган жарандын камерасында белгиленген эреже боюнча коюлуучу видео байкоо болгон эмес. Абактын башка камераларында видео байкоо болгон.

Милиция институттун кызматкерлерине маркумдун убактылуу кармоочу жайында эмне себептен кармалып турганын айтышкан. Милициянын маалыматына ылайык, маркум 1-апрелде РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаардык №1 тергөө изоляторуна которулмак. Бирок анын документтери жок болгондуктан, №1 тергөө изоляторуна кабыл албай койгон.

РИИБдин маалыматты боюнча, бул системалык көйгөйдөн улам Б.У. башка кармалып турган жарандар менен бирге РИИБдин убактылуу кармоочу жайына кайтарылган. Кийинки күнү башка кармалып тургандар сотко кеткенде, Б.У камерада калган. Бир аз убакыттан кийин аны асынып турган абалда табышкан», — деп айтылат маалыматта.