№29 мектептин мурдагы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Бишкек шаарынын №29 орто мектебине балдарды кезекке коюуда «Мектеп» электрондук системасы аркылуу белгиленген тартипте каттоо боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды.
Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын комплексинин жыйынтыгында, Бишкек шаарынын №29 орто мектебинин мурдагы директору аталган мектептин ата-энелер комитетинин төрагасы болуп туруп, акчалай компенсация үчүн балдарды мектепке киргизүү боюнча кызмат көрсөткөндүгү аныкталган.
Алынган маалыматтар боюнча ал балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жасалма документтерин колдонуу менен 2025-жылдын апрелинде электрондук кезекке коюуга 86 арызды кабыл алууга жана бекитүүгө мыйзамсыз «жардам бергенин» көрсөттү. Белгилей кетсек, аталган мектепке тиешелүү 4 турак жай дареги боюнча 86 бала катталган.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө ал өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин жашыруу жана оң жыйынтык чыгаруу максатында пара сунуштап, УКМК кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын электрондук капчык аркылуу берген.











