№47 түзөтүү колониясына 14,5 литр сыра өткөрүүгө аракет кылышкан (видео)

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №47 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан колонияга тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракетинин алдын алынды. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, колониянын аймагына 14,5 литр сыра алып өтүүгө аракет кылган. Кылмышка шектелип 1993-жылы туулган жаран кармалган. Аталган факты Ленин РИИБге каттоого алынган. Тергөө уланып жатат.