Камчы Көлбаев атайын операцияда өлтүрүлдү. УКМК маалыматты ырастады

Кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операцияда УКМК кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүүдө өлтүрүлдү. Бул тууралуу маалыматты УКМК ырастады.

Өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун активдүү мүчөлөрүнө жана алардын жетекчилерине карата бир катар кылмыш иштери тергелүүдө. Ошондой эле Камчы Көлбаевге каршы кылмыштуу топтун лидери, «Дөө» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздары боюнча да тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

4-октябрда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Камчы Көлбаевдин турган жери «Блондер паб» ресторанында аныкталып, ал УКМКнын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн. Камчы Көлбаевдин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында УКМКнын спецназынын кызматкерлери жооп кайтарышкан. Дарыгерлер Камчы Көлбаевдин октон алган жараатынан жеринде каза болгонун тастыкташты, УКМК кызматкерлери жана жарандардын арасында жабыркагандар жок.

Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгү, 267-беренесинин 2-бөлүмү жана 37-беренесинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4,18-пункттары менен кылмыш иши козголду. УКМК бул фактыга тиешеси бар Камчы Көлбаевдин тобунун бардык өкүлдөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берип, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.