Бишкекте жыл башынан бери жол кырсыктарынан 45 адам көз жумган

Бишкек шаарынын аймагында жыл башынан бери 1 миң 932 жол кырсыгы катталып, 2 миң 470 адам ар кандай жаракаттарды алган. Кырсыктын кесепетинен 45 жаран көз жумган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыктарынын келип чыгуу себептеринин 80-90 пайызы айдоочулардын жол эрежелерин толук сактабагандыгынан болгон. «Атайын сурамжылоодо көпчүлүк айдоочулар жол белгилери түгүл, айдоочулук күбөлүктү кайсыл жылдары алгандыгын, окуган автомектебинин аталышын, жада калса кайсы мугалим окуткандыгын да билбеген жаш айдоочулар болгон. Бул айдоочу күбөлүк алуу үчүн окууда сабактарга катышкан эмес, теориялык жана практикалык окууларды жетишээрлик деңгээлде көргөн эместигин далилдеп турат. Ошол себептүү айдоочулар жол эрежелерин так билбегендиктен же унаа башкаруу учурунда телефон, музыка өңдүү ар нерсеге алаксып, ошондой эле спирт ичимдиктерин ичип алып айдагандыктан жол кырсыктары келип чыгууда», — деп айтылат маалыматта.