Шашылыш билдирүү! Бишкекте катуу шамал болушу күтүлүп жатат

«Жакынкы аралыкта жана кечинде Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт». Бул тууралуу шашылыш билдирүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен таратышты.

8-июнда Бишкекте катуу шамал болуп, анын кесепетинен 12 булак кулап, 3 аял киши ооруканага жеткирилген.