«1 адам жабыркады». Дача-СУда 3 миң түк беде сарай менен чогуу өрттөнүп кетти

Кечээ, 21-августта саат 22:20да Сокулук районунун Дача-СУ аймагында жайгашкан сарай өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык катталган жерге №7 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Буга кошумча «Манас» аэропортунан 2, №7 ӨКБдан дагы 1 күжүрмөн эсеп барган. Тилсиз жоону өчүрүүдө жалпы 4 өздүк курам иштеп, бүгүн саат 7:00дө чектөөгө алып, 10:12де толук өчүрүштү. Кырсыктан 600 чарчы метр сарай жана бастырмада жыйылган 3000 түк беде күйгөн.

Өрттүн кесепетенин 22 жаштагы жаран жабыркап, туугандары ооруканага алып кетишкен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!

Биздин Телеграм канал: @serepkg