«1 жана 14 жаштагы кыздар да бар». Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 5 адам көз жумду

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 5 адам көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ӨКМден билдиришти.

11-сентябрь күнү Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 196-чакырымында Фольксваген Пассат, Хонда Аккорд жана Субару үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болгон.

Алар: (3 эркек киши)

— 1980-жылы туулган К.Б.,

— 1994-жылы туулган М.А.,

— 1992-жылы туулган Д.Ч.

2 кыз:

— 2008-жылы туулган  Д. С.,

— 2021-жылы туулган К.Н.

4 адам жабыркаган. Алар:

— 1986-жылы туулган О.Р.,

— 1992-жылы туулган Б.у.К.,

— 1983-жылы туулган К.Т.,

— 2017-жылы туулган К.А.

Жабыркагандар Тез жардам кызматы аркылуу Түп райондук ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.