«1 килограммы 100 доллар». Металл сымапты сатып жаткандар кармалды

Жалпы салмагы 200 килограмм болгон сымапты мыйзамсыз сатуу каналы токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 292-берененин 2-бөлүгү (күчтүү же уулуу заттарды сатуу максатында мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган кылмыш ишинин алкагында, 24-сентябрда жалпы салмагы 200 килограмм металл сымапты 1 килограммды 100 долларга мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан жеринен 1965, 1981 жана 1995-жылы туулган жарандар кармалган.

Учурда өтө эффективдүү уулуу затты уурдоо, ташуу жана сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.