«1 кызга 3 миң доллар алышкан». Кыздарды чет өлкөгө сойкулукка жиберген шектүүлөр кармалды

Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кыздарды чет мамлекеттин аймагына интимдик кызмат көрсөтүү үчүн жөнөтүп жүргөн адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

28-январда милиция кызматкерлери тарабынан чет мамлекеттин жараны жана ал менен жакын мамиледе турган Кыргыз жараны алдын ала түзүлгөн бүтүм боюнча «жеңил акча табасың» деген шылтоо менен сойкулук менен алектенүү үчүн чет мамлекеттин аймагына кыздарды даярдап жөнөтүп жаткандыгы тууралуу маалымат алынган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (адамдарды соодалоо) менен кылмыш иши козголду.

Шектүү катары 1975-жылы туулган К. Ф., 1993-жылы туулган Ч. Н. жана чет мамлекеттин 1987-жылы туулган Г. Ж. аттуу жараны аныкталып, кармалган. Кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралардын жүргүзүлүп, анын натыйжасында айрым маалыматтар аныкталган. Тактап айтканда, кыздарды чет мамлекеттин аймагына сойкулук менен алектенүү үчүн жөнөтүүнүн алдында, тиешеси бар адамдар боло турган иштин чоо-жайын дайыма эле айтып беришкен эмес. Андан соң жөнөтүлгөн кыздардын ар биринен 3 миң доллар суммасында пайда көрүшкөн.