Башкы прокуратура тарабынан ИИМдин кызматкерлеринин коштоосунда Польшанын ыйгарым укуктуу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Польшадагы ардактуу консулу Януш Кшивашинскийдин көмөгү менен Кызыл-Кыя шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын өндүрүшүндөгү өзгөчө ири өлчөмдө каракчылык кылмыш иши менен айыпталган А.М. аттуу Кыргыз жараны Варшавадан Бишкекке экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
2015-жылы Баткен облусунун аймагында А.М. аттуу жаран башка шериктери менен бирге Ы.Ж. аттуу жарандын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген зомбулук менен коштолгон кол салып, 1 миллион 30 миң доллары же 62 миллион 170 миң 800 сом акча каражатын каракчылык менен ээлеп алышкан. Учурда аталган жаран кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кызыл-Кыя шаарынын Ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүп берилди.