«1 миллион сомдон ашык зыян». Сузактагы «Кадастр» ишканасынын директорунун орун басары кармалды

«Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сузактагы филиалынын директорунун орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында кармалган. «Кадастрдын» филиалынын кызматкерлери өзүнүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, суу коргоо зонасынын аймагында жайгашкан жер тилкесин «калктуу конуш» категориясына которуу боюнча тиешелүү документтери, ошондой эле укукту аныктоочу документтери жок болгонуна карабастан берип жибергени аныкталган. 5-октябрда Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалган жаран Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке 1 миллион 21 миң 560 сом зыян келтирилген», — деп айтылат маалыматта. Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.