«1 миллион сомго жакын зыян келтирилген». Токмокто мыйзамсыз майнинг-ферма аныкталды

УКМК тарабынан өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө республиканын мамлекеттик энергетикалык ишканаларынын электр тармактарына мыйзамсыз майнинг-фермага кошулуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Автотранспорт айдоочулар союзунун Токмок шаардык Совети коомдук бирикмесинин гараждык кооперативинде, Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан майнинг-ферманын мыйзамсыз түрдө криптовалютаны ишин жүргүзгөндүгү аныкталган. Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө Токмок шаардык салык кызматынын, райондук электр станциясынын кызматкерлеринин жана 1988-жылы туулган Кыргыз жаранынын катышуусунда гараждардын ичинде жайгашкан жер төлөөлөрдөн «S9» жана «L3» маркасындагы 24 даана криптовалюта жабдуулары табылып алынды. Бул жабдуулар электр эсептегичтерин айланып өтүп, Токмок электр бөлүштүрүүчү зонанын тармагына түз кошулган.

Электр энергиясын пайдалануу мөөнөтүнүн негизинде мамлекетке алдын ала 1 миллион сомго жакын зыян келтирилген. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.