Өлкө аймагында жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган «Рулда» аталышындагы рейд өтүп жатат.
3-январдан 4-январга чейинки 1 сутка аралыгында 76 спирт ичимдигин ичип унаа башкаргандар аныкталды. Айдоочулук күбөлүгү унаа башкаргандар 89дү түзсө, жалпы 580 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү административдик чаралар көрүлүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү.