10 жаштагы баланын үстүнө пескоблок кулап түшкөн. Ал ооруканада жан берген

Балдардын Тез жардам ооруканасынын дарыгерлери коңгуроо кагып, балдардын өмүрү үчүн чоңдордун жоопкерчилигин дагы бир жолу эскертишүүдө.

Ооруканадан бир күндө оор жаракат алган үч учур катталганын Акипресске билдиришкен. «Балдар ойноп, тосмого чыгышып, кесепетинен пескоблок 10 жаштагы баланын төшүнө кулаган. Ал ооруканага оор, эс-учун жоготкон, травматикалык жана гиповолемиялык шок абалында түшкөн. Дарыгерлер операция учурунда ичтин органдары жарылганын аныкташкан. Бала эки литр кан жоготкон, аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес»,- деп айтылат маалыматта.