10 жаштагы кызды унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

11-апрелде саат 21:30 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Чортеков көчөсүндө жөө жүргүнчүнү автоунаа сүзүп кетти деген маалымат түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, окуянын чоо-жайын тактады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10 жаштагы кызды Чортеков менен Кара-Кужур көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктөн автоунаа сүзгөн. Ал эми айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

Кайгуулчулар өздүк курамга багыттама берилип, көп узабай бул ишке шектелип 1963-жылы туулган айдоочу кармалды. Ал Тойота Раф 4 үлгүсүндөгү автоунааны башкарып жүргөн.

Шектүү айдоочу тиешелүү чара көрүү үчүн ШИИБдин Тергөө кызматына жеткирилди. Жабырлануучу дарыгерлердин көзөмөлүндө.