10 жылдан бери издөөдө жүргөн адам Грузиядан алынып келди

Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин координацияланган иш-аракеттеринин натыйжасында жаран Грузиядан кармалып, Кыргызстанга алып келинди.

Экстрадиция учурдагы эл аралык келишимдердин негизинде жана Грузиянын ыйгарым укуктуу органдары менен натыйжалуу кызматташуунун алкагында ишке ашырылды.

10 жылдан ашык эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча, анын ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, күнөөсүз адамдарды кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу максатында далилдерди бурмалоо жана башка баңгизаттар менен байланышкан кылмыштар боюнча айыпталууда.