«10 мүнөттөн кийин таппай калышкан». ГЭС-5те каза болгон өспүрүм боюнча кылмыш иши козголду

ГЭС-5 көлүнүн аймагында өспүрүмдүн каза болушу боюнча Чүй облусунда кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

19-июнда саат 17:58де Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө ГЭС-5 көлүнүн аймагында 15 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, 19-июнда болжол менен саат 16:30 чамасында өспүрүм тууганы жана анын достору менен бирге эс алуу жана сууга түшүү үчүн ГЭС-5 көлүнө барган. Сууга түшкөндөн 10-15 мүнөт өткөндөн кийин өспүрүм жоголуп кеткен. Жерине куткаруучулар чакырылып, болжол менен бир сааттан кийин анын жансыз денеси жээктен 10 метр аралыкта табылган.

Окуянын бардык жагдайларын ар тараптуу иликтөө максатында, Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (керектөөчүлөр үчүн кооптуу шарттарды түзүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери улантылууда, анын жыйынтыгында процессуалдык чечим кабыл алынат.