«100 миң сом, 500 доллар, 200 евро…» «Ош базарда» чет өлкөлүк жаранды карактап кетишкен

Бишкектеги базарлардын биринде чет өлкөлүк жарандын акча каражатын уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Чет өлкөлүк жаран ички иштер органдарына кайрылып, 26-декабрь күнү болжол менен 06:40 чамасында Бишкек шаарындагы «Ош базарынан» белгисиз адамдар сумканын ичинен 100 миң сомду, 500 долларын, 200 еврону жана 120 миң теңгени уурдап кетишкенин билдирген.

Кылмыш ишине шектүү катары Нарын облусунун тургуну кармалды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар дагы бир жаранды кармоо боюнча чаралар көрүлүп жатат. Иликтөө иштери жүрүп жатат.