«100 миң сом талап кылышкан». Чүйдө адам уурдоого шектелген жигиттер кармалды

Чүй районунда адам уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

17-сентябрь күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Искра айылында киши уурдоо фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге тергөө тобу чыккан. Териштирүү учурунда 17-сентябрь күнү саат 21:00 чамасында бейтааныш бирөөлөр 1990-жылы туулган жаранга күч колдонушуп, аны белггисиз тарапка уурдап кетишкени маалым болгон.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 170-беренеси (киши уурдоо) менен катталган. Милициянын аймактык тескөөчүлөрү тарабынан бул кылмышка шектелип, 1994, 1995-жылы туулган жарандар кармалышты. Териштирүү учурунда, шектүүлөр жабырлануучуну Чүй районунун аймагынын сыртына алып чыгышып, коркутушуп, 100 миң сом акча талап кылышканы маалым болгон. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынышты. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.