«1000 сом келе давай». Бишкекте патрулдук милиция иштен айдалды

1-мартта Инстаграмда “Safari today” аттуу колдонуучу баракчасына “Взятка сотруднику это противозаконное действие” аталыштагы 2 мүнөттөн ашык видео тасма жарыялаган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Анда Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкери айдоочуга жол эрежесин бузгандыгын жана айып пул жазбоо үчүн миң сом берүүсү керектигин сүйлөшүшүп, айдоочу техникалык талондун ичине акча каражатына окшош нерсе салып ага бергендиги, видео тасмага тартып жаткандыгы тууралуу айтканда,  кызматкер “200 сомуң кереги жок, протокол эле түзүп берем” деген сүйлөшүүлөр көрсөтүлгөн.

Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндѳ, видеодо көрсөтүлгөн кызматкер милициянын старшинасы Чыңгыз Курманбеков экендиги аныкталган. Ал өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбай, кызматтын кызыкчылыгын эсепке албай мыйзам бузууга жол берип, анын катышуусунда интернет тармактарда коомдук резонанс жараткан видео тасма жарыяланып, жарандар арасында терс пикирлер орун алып, жыйынтыгында ал укук коргоо органдарынан кызматтан бошотулду.
Ѳзүнүн кыймыл аракети менен кол алдындагы кызматкердин күнүмдүк аткарып жаткан милдеттерине кѳзѳмѳлдү начар жүргүзүп, жыйынтыгында взводдун командири милициянын кенже лейтенанты Мирлан Джексимбеков ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду. Жогорудагыдай көрүнүшкө жол берип, жыйынтыгында рота командиринин орун басары милициянын лейтенанты Күмүшбек Молдобеков ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду. Жогорудагыдай фактылардын болтурбоо боюнча жеткиликтүү деңгээлде иш-чараларды алып барбай жыйынтыгында ротанын командири милициянын капитаны Кубат Тойгонбаев катуу сѳгүш тартиптик жазасын жарыялоону. Ошону менен бирге Бишкек шаардык милициясы боюнча МККБнын бир катар жетекчилери тартиптик жазага тартылышты.