Бишкек шаарындагы «1000 түркүн» соода үйүнөн өрт чыкты (сүрөт)

Бүгүн, 7-февралда эртең менен Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан «1000 түркүн» соода үйүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кырсык болгон жерге саат 08:36да бир өрт өчүрүү бөлүмү жөнөтүлгөн. Саат 09:50дө өрт толугу менен өчүрүлдү. Жабыркагандар катталган жок.