«100дөн ашуун жаран ооруканага кайрылган». Сузакта массалык уулануу болду

Сузакта 100дөн ашуун адам уулануунун белгилери менен ооруканага кайрылган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Сузак районунун Бек-Абад айылынын 1964-жылы туулган тургуну 9-октябрь күнү үйүндө жылкы союп, 10-октябрь күнү небересине той өткөргөн. Тойго барган конокторго дал ошол союлган жылкынын эти тартылган. Бул тойго катышкан 100дөн ашуун жаран 11-октябрдан тартып дарыгерлерге кайрылышкан. Ооруканада жаткандардын арасында балдар да бар. Бул окуя Сузак РИИБге “уулануу” болуп катталып, азыркы учурда териштирүү иштери жүрүүдө.