100дөн ашык жаран 1 миллион доллардан көп акчадан кол жууган. “Финиконун” филиалын уюштургандардын бири Грузиядан кармалды

Кыргызстандагы Интерпол Улуттук борбордук бюросунун өтүнүчү боюнча Грузиянын Интерпол (Тбилиси) Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында издөөдө жүргөн 1973-жылы туулган жаран кармалды. Кармалган жаран каржы пирамидасын уюштурууга айыпталууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Анын учурдагы ири каржы пирамидаларынын бири — “Финико” компаниясына тиешеси бар. Ал Бишкек шаарында эле кирешелүү инвестицияны туураган алдамчылык долбоордун 15тен ашык филиалын ачкан. Алынган маалыматтар боюнча, 2019-2021-жылдар аралыгында алдамчылык аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын 100дөн ашык жараны 1 миллион 283 миң долларынан кол жууган. Андан сырткары, кармалган жаран эки жарандан алдамчылык жана чоң кирешени убада кылуу жолу менен 145 миң доллар жана 9 миң 300 доллардан ашык акчасын ээлеп алган деп шектелүүдө.
Азыркы учурда компетенттүү органдар тарабынан экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.