Бишкекте телефон сатып иштеген жаран дээрлик 1 миллион сомго алданып калган. Шектүү кармалды

Чүй проспектисинде жайгашкан соода борборлорунун биринде телефон сатып иштеген жаран таанышы алдап кеткени тууралуу арыз менен милицияга кайрылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучунун таанышы телефондорду алып сатуу боюнча ишенимине кирип, анын 11 даана iPhone үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун алып, кайтарган эмес. Жалпы суммасы 964 миң 116 сомдук материалдык зыян келтирилген. Андан соң убадасын аткарбай, байланышын үзгөн.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголду. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2004-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган. Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.