«11 жылдан кийин». Оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды

Талас ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан 2010-жылдан бери оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2008-жылдын 29-май күнү Талас облусунун Бакай-Ата районунун жашоочусунун үйүнө белгисиз адамдар киришип, үй ээсин уруп-сабап, акча талап кылышып, аялын, баласын жана келинин колу-буттарын байлап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Натыйжада жабырлануучуга олуттуу өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча 2008-жылдын 30-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү жарандын өздүгү такталып, ал Токтогул районунун Кара-Көл шаарында 1978-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Ага 2010-жылдын 5-июль күнү сырттан айыбы угузулуп, издөөгө жарыяланган.

Талас ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, 2010-жылдан бери оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн кылмышка шектүү жарандын кайда экендиги аныкталып, Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. Анын башка кылмыштарга тиешеси бардыгы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө кармалган шектүү жаранга карата Талас шаардык соту тарабынан бөгөт коюу чарасы каралып, камакка алуу түрү тандалды. Аталган кылмыш иши боюнча учурда тергөө жана иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.