11-күн. Тору-Айгыр айылында көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө иштери уланууда (видео)

18-июль күнү Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда көлгө чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды 3 тараптан издөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
— Бүгүн, 4 жаштагы кыздын изделип жатканына 11 күн болду. Тилекке каршы, издөө ишинен натыйжа боло элек. Бүгүн эртең менен са­ат 08:00 тарта нарист­ени издөө иши баштал­ып, анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 3 топко бөлүнүштү.
Биринчи ​ топто Балыкчы шаарынын өзгөчө кырдаалдар бө­лүмүнөн​ 4 куткаруучу тартылып, Тоң району­нун Шор-Булак айылын­ан Балыкчы шаарына чейинки аралыкта издөө иштерин жүргүзүүдө.
Экинчи топко Тоң рай­ондук өзгөчө кырдаал­дар бөлүмүнөн​ 4 ку­ткаруучу тартылып, райондун Шор-Булак айылынан Бөкөнбаев айылына чейинки ара­лыкты карашууда.
Үчүн­чү багытта Ысык-Көл райондук ӨКБнөн 2 ку­ткаруучу тартылып, Чолпон-Ата шаарынан Тору-Айгыр айылына чейинки аралыкта издөө иштерин жүргү­зүп жаткан учур.
Жалпы 10 куткаруучу, ​ 2 АСМ автоунаасы жана 3 моторлуу кайык менен издөө иштери уланууд­а.
Учурда кыздын ата-энеси, туугандары социалдык тармактар аркылуу дрон жана башка керектүү шаймандары бар ыктыярчыларды наристени издөөгө көмөк көрсөтүүгө чакырууда.
Эскерте кетсек, окуя 18-июль күнү Ысык-Көл районунуна караштуу Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда орун алып, анда көлдө түшүп жүргөн желим баллондо отурган 4 жаштагы наристени ата-энесинин көз алдында эле көлдүн толкуну алып кеткен. Белгилей кетсек көлдүн бул жээгиндеги тилкесине эл түшпөйт.