«115 миң сом жана шайлоочулардын тизмеси болгон». Ошто добуш сатып алууга шектелген жарандар кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 7-июлда саат 11:37 чамасында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине «шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал маалыматты текшерүү учурунда Ош шаарынын Жумабаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аталган шек менен Ош шаарынын 1980-жылы жана 1959-жылы тургундары кармалышкан. 1980-жылы туулган жарандын жанынан 115 миӊ сом акча жана ошол аймакта жашаган шайлоочулардын тизмеси чыккан. Бул тергөө кызматына алып келинген жарандар келе жаткан шайлоого катышып жаткан бир партиянын тарапташтары болушкан.

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 192-беренесинин белгилерине ылайык сотко чейинки өндүрүш иши башталды.