«12 жаштагы кыз кош бойлуу». Чүйдө 80 жаштагы карыя эки кичине кызды зордуктоого шектелип жатат

Токмокто 80 жаштагы карыя эки жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-декабрда Токмок ШИИБге 2010-жылы туулган кыздын 8 айлык боюнда бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты ШИИБге катталып, тергөө жүрө баштаган. Окуя боюнча милицияга 1987-жылы туулган келин арыз менен кайрылып, 1942-жылы туулган жаран анын 2010 жана 2008-жылы туулган кыздары менен жыныстык катнашка барганын айткан. Тергөө учурунда эки жашы жете элек кыздын 2022-жылдын жаз айларынан баштап, карыянын үйүн жыйноо үчүн барып жүргөнү аныкталган. Аталган кылмыш боюнча Жазык кодексинин 154-беренеси менен иш козголгон.

Кылмыш иши боюнча бир катар соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Тактап айтканда, экспертизалар дайындалып, корутундулары даяр боло элек. Ошондой эле кылмыш ишинин бардык катышуучулары окуянын чоо-жайы боюнча суракка алынды.

Окуяны Чүй ОИИБдин башчысы жана ИИМ өз көзөмөлүнө алган. Тергөө уланууда.