«12 жаштагы кыз кош бойлуу». Чүйдө эки кичине кызды зордуктоого шектелген 80 жаштагы карыя камакка алынды

Токмокто эки кичине кызды зордуктоого шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.

«Кылмышка шектүү 80 жаштагы карыя мурда дайындалган экспертизанын жыйынтыгы боюнча убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, СИЗОго киргизилген. Тергөө иштери уланууда», — деп билдиришти.