«12 күн комада жатып…» Ошто 20 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду

Ошто төрөттөн кийин 20 жаштагы келин каза болду. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, 6-август күнү Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Ана-Кызыл айылынын 46 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызга 18-июль күнү 20 жаштагы кызы Өзгөн аймактын ооруканасынын төрөт бөлүмүндө төрөгөндөн кийин, кан басымы жогорулап кетсе да медицина кызматкерлери ага көңүл бурбагандыктан эсин жоготуп, 19-июлунда жандандыруу бөлүмүнө которушкандан кийин комага түшүп, 12 күн комада жатып, 31-июль күнү каза болуп калганын жазган. Анын айтымында, кызынын өлүмүнө төрөт үйүнүн кызматкерлери күнөөлүү жана аларга мыйзам чегинде чара көрүлүшү керек.

Аталган факты Өзгөн РИИБге катталып,  Жазык кодексинин 152-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган жана маркумдун каза болгонунун себебин жана аны караган ооруканада иштеген медицина кызматкерлеринин аракетине юридикалык баа берүү максатында бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат.