«1,2 миллион доллар ээлеп алууга аракет кылган». Садыр Жапаровдун агасынын атын жамынган шылуундар кармалды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаровдун бир тууганынын атынан жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө акча алып жаткан шылуундар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелип кармалган эки жаран президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун атын жамынып алып, алдамчылык жол менен жана адамдардын ишенимине кирип алып, калктын керектөөчү товарлары бар контейнерлерди экспорттоо маселесин чечүү үчүн, өзгөчө ири суммадагы 1 миллион 250 миң доллар өлчөмүндөгү Казакстандын аймагында жайгашкан жарандын каражатын ээлеп алууга аракет кылганы аныкталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду.

3-июндагы ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, талап кылынган суммадан каражаттын бир бөлүгүн алгандан кийин эки шектүү кармалды. Кармалгандардын бири УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатат.