«12 миң… 14,5 миң…» Ысык-Көлдө уурулукка шектелгендер кармалды

Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери тарабынан үйлөрдөн акча каражаттарын уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-август күнү Жети-Өгүз РИИБге үйүнөн акча каражаттары уурдалгандыгы боюнча Кызыл-Суу айылынын тургуну кайрылган. Арызында үйүнө кечке жуук келгенде, эшигинин кулпусу сындырылгандыгы жана үйдүн ичинен 12 миӊ сом акча каражаты уурдалгандыгын билдирген. Ушундай эле уурулук райондун борборунун башка тургунунда да катталган. Белгисиз адамдар, үйдө ээсинин жоктугунан пайдаланып, 14 миң 500 сом акчасын уурдап кетишкен.

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБге катталып, Жазык кодексинин 200-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмыштарга шектүү катары Кызыл -Суу айылынын 30 жаштагы тургундары колго түшүрүлгөн. Алар өздөрүнүн күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышып, уурдалган акча каражаттарын өздөрүнүн кызыкчылыктарына жумшагандарын алгачкы суракта көргөзүшкөн. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда жана шектүүлөрдүн башка уурдоо фактыларына катыштыгынын бар же жогун текшеришүүдө.