«13-15 метр төмөн». Жалал-Абадда Мерседес-Бенц жарга асылып калган (сүрөт)

Жалал-Абадда куткаруучулар жарга асылып калган унааны тартып чыгарышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Таш-Көмүр шаарындагы Баетов көчөсүндө Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, жарга такалып калган. Ал жерге ӨКМдин 6 куткаруучусу тартылып, атайын техниканын жардамы менен унааны болжол менен 13-15 метр ылдыйдыктан, жолго тартып чыгарып беришкен. Жабыркагандар катталган жок.