13 жаштагы кыз зордукталгандан кийин өз жанын кыйган окуя боюнча 2 тергөөчү менен эксперт камакка алынды

Бишкекте жашы жете элек кыз зордукталгандан кийин 5 ай өткөн соң өз жанын кыйганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Башкы прокуратурадан окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти.

Маалыматка караганда, 2 тергөөчү менен эксперт камакка алынган. Көзөмөл органы тарабынан 13 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 361-беренесинин 2-бөлүмү (далилдерди бурмалоо) боюнча кылмыш иштери козголгон.

Январь айында соттук-медициналык эксперт кармалса, 10-февралда Ленин РИИБдин 2 тергөөчүсү кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда кызды зордуктоо фактысын Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү иликтеп жатат. 23-январь күнү кылмышка шектүү кармалган.