13 жаштагы кызды тобу менен зордуктагандардын эркиндикке чыгышы. Судья «мыйзамдуу өкүм чыгарылган» дейт

Бишкек шаардык сотунун судьясы Айвар Кубатов маалымат жыйында 13 жаштагы майыптыгы бар кыздын зордукталуусу боюнча комментарий берип жатып, соттук коллегия мыйзам чегинде өкүм чыгарганын билдирди. 

Буга чейин укук коргоочулар Бишкек шаардык соту кыз зордуктаган деп айыпталгандарды камактан чыгарганы тууралуу айтышкан. Кийинчерээк соттон айыпталгандар кылмыш жасалганына 9 жылдан ашык убакыт өткөндүктөн, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен бошотулганын билдиришкен.

Төрагалык кылган судьянын айтымында, кылмыш 2013-жылы болгон. Кыздын апасы милицияга 2015-жылы кайрылган. Ал белгилегендей, ал кезде иштин катышуучуларынын баары жашы жете элек балдар болгон, ал учурда 1997-жылы өзгөртүүлөр киргизилген кодекстер күчүндө болчу. Демек, аларга өкүм чыгарылганда 1997-жылдагы нормалар колдонулган.

Анын кесиптеши, Бишкек шаардык сотунун судьясы Нурлан Кожомбердиев соттолуучулар күнөөлүү деп табылганын, бирок кылмыш жасалгандан бери 9 жылдан ашык убакыт өткөндүктөн алар эркиндикке чыкканын белгиледи.