13 кабаттуу элиталык үйдөн бери бар! Финполдун жетекчилеринин бири мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды

Финполдун ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Айбек Токоев кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 19-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет таратты. Ал мыйзамсыз баюуга шектелип жатат.

Маалыматка караганда, Айбек Токоев жогорудагы мекемеде 2014-жылдан бери жетектөөчү кызматтарды ээлеп турган учурда Ош жана Бишкек шаарларынан баш-аягы 15 кыймылсыз мүлк сатып алган. Алар анын жакын туугандарынын атына катталган. Анын арасында көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлери, хан сарайлары, дүкөндөрү, чайханалары, күйүүчү май куюучу жайлары бар. Атүгүл маалыматта 13 кабаттуу элиталык үйдүн курулушунда чоң салымы бар экендиги жазылат. Мүлктөрүнүн жана финансылык активдеринин баасы 4 миллион долларга жетет.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, жогорудагы ири суммадагы каражат анын мыйзамдуу кирешесине дал келбейт. Айбек Токоев тергөө абагына киргизилип, учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында иштер уланууда.