1300дөн ашык уюлдук телефонду Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт коюлду

Май айында УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын аскер кызматчылары менен биргеликте Лейлек районунун Достук айылында 1995-жылы туулган Т.У. аттуу Кыргыз жаранынын контрабандалык ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Аталган жаран өзүнүн «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү автоунаасындагы 21 миллион сомго жакын бааланган уюлдук телефондорду (1300 даанадан ашык) Тажикстандын аймагына мыйзамсыз багыттоону пландаган. УКМК тарабынан бул иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Сот органдары тарабынан контрабандага бөгөт коюу боюнча, мурда УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде бир катар чечимдер кабыл алынды.

Алар:

— Баткен облусунун Лейлек райондук соту мыйзамсыз жол менен контрабандалык жүктү (жалпы баасы 870 миң сом болгон таттууларды) Тажикстан тарапка багыттоого аракет кылган М.Т.Р. аттуу Кыргыз жаранына карата кылмыш ишин карап, кармалган жүктү жана «Хюндай-Портер» үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын (баасы 700 миң сомдун тегерегинде) мамлекеттин кирешесине конфискациялады жана мыйзамсыз контрабандалык иши үчүн айыпталуучуга 100 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Жалпысынан мамлекеттин пайдасына 1 млн 670 миң сом алынды;
— Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун чечими менен 2000-жылы чыгарылган “Лексус RX 300” үлгүсүндөгү унаасын Тажикстандын аймагынан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган Ю.Н.Ш. аттуу Кыргыз жараны Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин 4-пунктунун негизинде күнөөлүү деп табылып, 1 жылдык пробация берилди, ал эми кармалган “Лексус RX 300” унаасы мамлекеттин пайдасына алынды;
— Контрабандага каршы күрөшүү боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган «Хундай Портер» маркасындагы жүк ташуучу автоунаа (850 миң сомго жакын бааланган) Баткен облустук сотунун токтому менен мамлекеттин пайдасына конфискацияланды. Ал эми жылкы, мал түрүндөгү аткезчилик жүктөр жок кылынууга жатат. Мындан тышкары, бажы мыйзамдарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү жактарга 60 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат.
УКМК коңшу мамлекеттер менен мамлекеттик чек ара аркылуу аткезчилик аракеттерди жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.