«134 миллиондон ашык зыян келтирилген». «Ош электрдин» мурдагы жетекчиси Дыйканбай Даминов кармалды

Башкы прокуратура тарабынан “Ош электр” ачык акционердик коомунун жооптуу кызматкерлеринин коррупциялык аракеттери аныкталды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, 2016-2020-жылдар аралыгында аталган коомдун жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышып, бул аракеттерден улам 134 миллион 404 миң 877 сомдук зыян келтирилгендиги тастыкталды.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары аталган коомдун мурдагы жетекчиси Дыйканбай Даминов кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы тапта кылмыш ишине тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.