«135 миң долларды ээлеп алган». Издөөдө жүргөн Октябрь РИИБдин кызматкери кармалды

Издөөгө алынган Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКга жаран кайрылып, кызматкер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен, анын 135 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, ар кандай шылтоолор менен кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Бул факты УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту (кызматтык абалынан пайдаланып, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Аталган кызматкер издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сыртынан тандалган. 12-декабрда УКМК тарабынан издөөдө жүргөн жарандын жашаган жери аныкталып, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынан тергөө органдарынан жашырынып жүргөн жеринен кармалды.

УКМК жарандын аракетинен жапа чеккендерди (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефону, 0702233243 WhatsApp номери аркылуу байланышууну өтүнөт.