«14 ишти мойнуна алышты». Ысык-Көлдө эс алуучулардын телефондорун уурдап жүргөн делип жигиттер кармалды

Ысык-Көл районунда эс алуучулардын уюлдук телефондорун уурдоого шектелген жигиттер кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

15-июлдан 10-августка чейин Бостери айылында жана Чолпон-Ата шаарында эс алуучулардын уюлдук телефондорун уурдоо фактыларынын бир катар учуру катталган. Аталган фактылар боюнча түшкөн арыздар Ысык-Көл РИИБге катталып, жазык кодексинин 200 (уурдоо) беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Ар бир уурдоо фактысын изилдеген криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери аталган кылмыштар атайын иштелип чыккан жол менен жасалган жана ага бир эле топ адамдардын тиешестиги бар деген тыянакка келишкен. Көбүнчө алар өздөрүнүн жабырлануучуларын көпкө чейин аӊдып жүрүшүп, буюмдарынын сактыгына көӊүлүн бурбай калганда, уюлдук телефондорун уурдап кетишчү.

Ысык-Көл РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан аталган кылмыштарга тиешеси бар шектүү адамдарды аныкташкан. Алар Нарын облусунун тургундары, 20 жана 16 жаштагы бир туугандар, Ысык-Көл облусунун 15 жаштагы тургуну, 16 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну болуп чыккан. Милицияга шектүү катары алып келингендер уюлдук телефондордун уурдоонун 14 учуру боюнча күнөөлөрүн моюндарына алышты. Алардын кылмыштуу аракетинен улам жабырлануучуларга болжол менен 250 миӊ сомго жакын чыгым келтилирген. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында уурдалып жана ар кайсыл соода түйүндөрүнө сатылып кеткен бардык уюлдук телефондор далил зат катары алынып, жүргүзүлгөн тийиштүү тергөө-процессуалдык иштеринен кийин өз ээлерине кайтарылып берилген.