Саясат талдоочу Марат Казакпаев ушул жылдын 14-июнуна чейин камакта болот. Бул тууралуу Сереп Медиа маалымат агенттигине Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, соттун 14-апрелдеги токтомуна ылайык, шектелүүчү Марат Казакпаевге карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 14-июнь сааты жана мүнөтү 00:34кө чейин тандалды. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алынды.
Ал эми Марат Токтоучиков 13-июнь сааты жана мүнөтү 23:56га чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алынды.