Зомбулукка кабылган 14 жаштагы кыздын окуясын Башкы прокуратура менен ИИМ көзөмөлгө алды. Бул тууралуу «Оазис Кыргызстан» коомдук фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Бул иш Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, кийин жабылган. Биз арыз жаздык. Эми иш кайра жанданат жана адистер, юристтер иштеп жатат. Кыздын өз жанын кыюуга аракет кылганы жана бул тууралуу укук коргоо органдары билип калганын уккан кейиштүү. Бир нече жолу апасы кыздын жоголушу боюнча арыз жазган. Адилеттик орнойт деп ишенем», — деп жазды ал.
«Оазис Кыргызстан» коомдук фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева социалдык тармактагы баракчасына 14 жаштагы кыздын алданып, сойкулукка туш болгонун апасынын сөзү менен жазып чыккан.
- «Ар кайсы эркек кишиге берип жүрүшкөн. Арасында чет өлкөлүктөр да бар. Болжолдуу жарым жылдан бери зордукташып, колдон колго өткөрүп келишкен. Бул убакытта кызга венерикалык ооруларды жугузушкан. Тиштерин сындырып, ар кайсы сауна, батирлерде кармап келишкен. Ал эле эмес, кызды видеого тартышып, видеону эл аралык порносайттарга сатып келишкен. Кыздын апасы 2022-жылы Биринчи Май менен Октябрь РИИБге кайрылган, сурак учурунда кыз бардык аттарды атап, сауналарды көрсөтүп берген. Соттук-медициналык экспертиза апасына кыздын колдон колго өтүп зордукталганы тууралуу жыйынтык берген эмес. Аны апасы менчик клиникадан билген. Бүгүнкүгө чейин тергөөчү кыздын апасынын телефонун албайт, эч кандай чара көрбөйт. Ошол эле учурда кыз менен апасына коркутуулар болуп жатат. Кыз тергөө учурунда андан дагы башка жашы жете элек кызда кармалып турганын айткан. Кыз баңгизатка көз каранды болуп калган. Кызды тергөөчүлөр социалдык кызматкер, жактоочу, психологу жок суракка алган», — деп жазган ал.