Бишкекте атайын схема менен иштеген чөнтөкчүлөр кармалды. Арасында өспүрүм бар

Бишкек шаарында коомдук транспортто көптөн бери чөнтөк уурулугу менен алектенүүгө шектелип үч киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу аял 11-сентябрь күнү маршруткада баратып, 43 миң сом салынган капчыгын уурдаткан. Бул факты боюнча Биринчи Май райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «уурулук» беренеси боюнча иш козголгон. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында уурулукка шектүү деп 28, 29 жаштагы жарандар жана 14 жаштагы өспүрүм кармалды. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ал эми өспүрүм Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө өткөрүп берилди.

«Тергөөдө аталган топ атайын түзүлгөн схема менен иштегени ачыкталды. Шектүүлөр алгач Lexus IS200 автоунаасы менен маршруткалардын артынан жүрүп отуруп, бир аздан соң жүргүнчү катары ага түшкөн. Андан соң уурулук кылышкан. Тинтүү учурунда машинадан 18 уюлдук телефон, 19 миң 400 сом, үч бычак, үч паспорт, банк карталары, соода маркеттеринин карталары, сим-карталар, мини флеш-карталар, пневматикалык тапанчанын желим октору табылган», — деп айтылат маалыматта.