«14 жолу сайыптыр, өлтүргөнү барган окшойт». Нарында күйөөсү бычак сайган келиндин эжеси үн катты

Соцтармакта күйөөсү аялына бычак сайган видео тарап, милициядан окуя Нарында 31-августта болгонун билдиришкен. Шектүү катары келиндин жолдошу кармалып, 2 айга камакка алынган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бычакталган келиндин бир тууган эжеси Гүлнара Кендирбаева менен байланышып, ооруканада дарыланып жаткан сиңдисинин абалын сурадык. Анын айтымында, жолдошу сиңдисин 14 жолу маки менен сайгылап салган.

«Мен Ысык-Көлгө турмушка чыккам. Окуяны угуп, Нарындагы ооруканага барганымда абалы жакшы эмес болчу. Дарыгерлер чуркап жүрүп, сайгыланган 14 жерин тигишти. Алар 4-5 жерине маки терең киргенин айтышты. Оң жак тарабы аябай жабыркаптыр. Көкүрөгү, өпкөсү, бөйрөк тушуна сайгыланган. Менимче ал сиңдимди өлтүргөнү эле барган окштойт. Азыр жакшы болуп калды. 

Экөөнүн ортосунда 3 бала — 2 эркек, 1 кызы бар. 2013-жылы турмушка чыккан. Мурда колу тийген. Туугандары менен жалдырап келип, алып кеткен. Сиңдим кесиби боюнча мугалим. Бирок айлыгы аз, 3 баланы багам деп ашканада иштеп жүрдү. Жолдошу акча тапчу эмес. 2 ай мурун экөө чогуу жашабай калган. Балдарын мектепке даярдап коюп, сот аркылуу ажырашам деп жүргөн. Анан эле 31-августта ушул окуя болуп кетип жатат. Мен соцтармактарда жазылган пикирлерди көрүп жатам. Көбү «келин ойнош менен жүрүп кетиптир» деп жатышат. Билип-билбей жазгандары туура эмес. Ата-энебиз каза болуп калышкан, бирок бизге татыктуу тарбия берген. Менин сиңдим андай жолго барбайт деп кепилдик берем. Мен бир нерсени тактабай, ушак сүйлөбөөгө чакырам. Сиңдим 3 баланы багам деп, эртең мененки 6да кетип, кечки 8ге чейин ошол ашканада иштечү. Жолдошу СИЗОдо жатып алып, өзүн акташ үчүн «Менин аялым ойнош күткөн үчүн ошого бардым» деп өзүн актап жатыптыр. Акмакчылыгын токтотсун. 

Кыргызстанда аялдарга кол көтөрүп, зомбулук көрсөткөндөргө жаза катаал болушун талап кылам. Биз анын өмүр бою соттолушун талап кылабыз. Соцтармакта ушак айтып жаткандарга кайрылам, эртең биз менен эмне болорун эч ким билбейт, билип-билбей айткан сөздөр үчүн Кудай алдында жооп беребиз», — деди эжеси.