«14 миллион сом зыян келтиришкен». «Унаа» ишканасында коррупция аныкталды

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жеке пайда көрүү максатын көздөп, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен коррупциялык схема түзүшүп, чет өлкөдөн келген автоунааларды мыйзамсыз каттап келишкендиктери аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, жарандын оң рулдуу Тойота-Альфард үлгүсүндөгү автоунаасын каттоого алуу учурунда, дагы бир жаранга таандык Форд Фокус үлгүсүндөгү автоунаасында 2014-жылдан бери каттоодо турган D….ХХ сандуу мамлекеттик белгисин алмаштырды деген мааниде расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизүү менен автоунаанын катталгандыгы тууралуу күбөлүктү жана 06 КG…ХХХ мамлекеттик белгисин мыйзамсыз жасап беришкен. Кыргыз Республикасынын аймагында оң рулдуу автоунаалар каттоого алынбай тургандыгы мыйзамда көрсөтүлгөнү менен «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Ош шаары боюнча бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери жогорудагыдай эле мыйзам бузуу менен 16 авто унааны каттоого алышып, мамлекетке 14 миллион 340 миң 297 сомдук зыян келтиришкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ош шаардык прокуратурасы тарабынан бул факты Жазык Кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.